Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:32

Канада 10 миң сириялык качкынды кабыл алууга даяр


Канаданын иммиграция министри Жон МакКаллум өлкөсү дагы он миң сириялык качкынды кабыл аларын билдирди. Бул тууралуу анын Германиядагы сапарында айтылды.

Акыркы айларда Канадага 26 миңден ашуун адам келген. Миграциялык бийликтин билдиришинче, дагы 16 миң арыз каралып жатат.

Өлкөдөгү чиркөө, үй-бүлөлүк жана коомдук уюмдар сириялык бозгундарга кайрымдуулук көрсөтүүдө. Анткен менен февралда жүргүзүлгөн сурамжылоолорго караганда, канадалыктар арасында качкындарды кабыл алуу боюнча пикирлер бир жактуу эмес.

Жакынкы Чыгыштагы согуштардан улам акыркы 2015-2016-жылдары батышка миллиондон ашуун качкын кирди. Мунун айынан Германияда өлкөдө улутчул күчтөрдүн каршылыгы көбөйдү.

Акыркы айларда Европа бозгундарга чек арасын жапты. Аларды Түркияда кармоо макулдашылды.

XS
SM
MD
LG