Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:10

Тажик кызынын сүрөтү Donna журналынын мукабасына чыкты


Тажикстандык дизайнер Макнуна Ниёзованын сүрөтү Италиядагы белгилүү Donna журналынын мукабасына чыкты. 26-мартта сатыкка чыккан журналдын редакторлору аны “Тажиктердин Ким Кардашяны” деп атаган.

Италиялыктардын көңүлүн бурган Макнуна Ниёзова 25 жашта. Тажикстандын Технология университетиндеги Көркөм долбоорлор кафедрасын башкарат жана дизайнерлик менен алектенет.

Журнал Макнунаны америкалык белгилүү модель жана дизайнер Ким Кардашянга салыштырган.

Макнуна Ниёзова дүйнөлүк дизайнерлердин Фейсбуктагы Global Voices рейтингине талапкер катары кирген. Ага Макнунадан тышкары дагы беш тажик активист аял катышкан. Италиялык журналдын редакторлору алардын арасынан Макнунага кызыгып калышкан.

- Мени “Тажиктердин Ким Кардашяны” деп журналга басып чыгарышты. Чынын айтсам, мен Ким Кардашян ким экенин билчү эмесмин. Анан кызыгып, издеп, маалымат алдым. Албетте, мени ага салыштырышканы жагымдуу. Бирок мени тажик кызы деп эле тааныштырса дурус болмок.

Маалыматтарга караганда, Макнуна Ниёзова быйыл сентябрда Түштүк Кореяда өтө турган мода көргөзмөсүнө катышат. (SE)

XS
SM
MD
LG