Бишкекте бүгүн 2-апрель аутизмди таануу жана ал тууралуу маалымат таркатуу күнүнө карата жөө жүрүш болот.
Аутизм акыбалындагы өзгөчө балдар жана алардын ата-энелери, жакындары катышкан бул иш-чара түштөн кийин Эркиндик бульварында башталып, асманга шар учуруу жөрөлгөсү менен аяктайт.
Бул тууралуу демилгенин ээси, «Колдон колго» коомдук фондунун ыктыярчысы Анара Асаналиева «Азаттыкка» билдирди. Жөө жүрүшкө болжол менен 300дөй киши катышат.
Кыргызстанда аутизмди таануу күнү төртүнчү ирет уюштурулууда. Аталган коомдун каттоосунда 215 аутист бала бар. Бирок өлкө боюнча алардын саны көп экени божомолдонууда. Дүйнөдө 70 миллион кишиде аутизм өзгөчөлүгү катталган. (BCh)