Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:40

Өткөн жылы мөңгүлөрдү тазалоого эки миллион сом бөлүнгөн


Чоң-Алай кырка тоолорунун борбордук бөлүгүндө орун алган Ленин чокусун таштандыдан тазалоого 2 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

Бул тууралуу Республикалык жаратылышты коргоо фондунун аткаруучу директору Руслан Кожобаев  “Азаттыкка” билдирди. Тазалоо үчүн атайын тендерде "Ак-Сай Тревел" туристик компаниясы утуп алып, 20 тоннадан ашык таштанды чыгарылганы маалымдалат.

Бирок Туризм ассоциациясынын директору Владимир Комиссаров каражат натыйжалуу пайдаланылбай калганын айтып келет.

Бийикти 7134 метрди түзүп, 1934-жылы багындырылган Ленин чокусуна чет өлкөдөн альпинистер жана ышкыбоздор турист катары келишет. (TSh/IIK)   

 

XS
SM
MD
LG