Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:22

Кайгуул-күзөт кызматы: жаңы кызмат боюнча түшүнбөстүктөр болду


Кайгуул-күзөт кызматы
Кайгуул-күзөт кызматы

1-апрелден тарта ишке кирген Кайгуул-күзөт кызматы өткөн суткада миңге жакын жол эрежесин бузуу фактысын каттады. Аталган башкармалыктын басма сөз катчысы Тилек Оторов кызматтын алгачкы күнүндө айдоочуларга түшүндүрүү иштери көбүрөөк болгонун билдирди.

"Айрымдар кабардар экен. Кээ бирлери жолду караган кызмат жоюлбады беле деп түшүнбөй жатышты. Анча-мынча түшүнбөстүктөр эле болбосо, айдоочулар менен чатак чыккан жок", - деди Оторов.

Жол кыймылынын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздоо үчүн ИИМдин алдында атайын Кайгуул-күзөт башкармалыгы түзүлгөн. Кызмат жалпы республикада 1-июлдан тарта ишке кирет. Жол коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздоого Бишкекте 800, Чүйдө 400, ал эми Ысык-Көл облусунда 160 милиционер тартылат. (TSh)

XS
SM
MD
LG