Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:39

Ысык-Көлдөгү токой чарбасы 3 млн сомго чукул зыян тарткан


Бет-Карагай капчыгайы, Ысык-Көл
Бет-Карагай капчыгайы, Ысык-Көл

Ысык-Көл облусунда токой чарбасы 2015-жылы 2 млн 912 миң 149 сом зыян тарткан. Өткөн жылы жаратылышка келтирилген зыяндын 992 миң 844 сому же 35 пайызы гана өндүрүлгөн. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгы маалымдады.

Кыргызстанда токой аянты өлкө аймагынын 954 миң гектарын түзөт. Эл аралык уюмдар Борбор Азияда токойлордун аянты кыскарып келатканын айтышат. Алар өкмөттөрдү, жарандык активисттерди жана калкты табиятты сактап калуу үчүн жигердүү аракеттерди жасоого чакырышат. (AsM/TSh)

XS
SM
MD
LG