5-апрелде Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда Аутизмди таануунун бир айлыгына карата эстрада ырчыларынын катышуусунда кайрымдуулук концерти өтөт. Бул тууралуу «Колдон колго» коомдук фонду билдирди.
Концертке Ырыскелди Осмонкулов, Аяна Касымова, Гүлнара Тойгонбаева сыяктуу эстрада ырчылары катышат. Түшкөн каражат Аутизм өзгөчөлүгү бар балдардын билим алуусуна жумшалат. Кыргызстанда «Колдон колго» фондунун эсеби боюнча 214 бала Аутист деп катталган. Бирок адистер алардын чыныгы саны мындан бир кыйла эсе жогору экенин айтып келишет. Кыргызстанда азырынча Бишкекте гана бул өзгөчө балдарды окутуучу бир эксперименталдык класс ачылган. Дүйнөдө 70 миллион киши Аутизм өзгөчөлүгү менен жабыркайт. Бириккен Улуттар Уюму 2-апрелди Аутизмди таануу жана ал тууралуу маалымат тарткатуунун дүйнөлүк күнү деп белгилеген. Аутизм бул айрым балдардагы психологиялык өзгөчөлүк. (BCh)