Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Брюсселде полиция менен оңчул радикалдар кагылышты


Брюсселдин полициясы.
Брюсселдин полициясы.

Брюсселдин Моленбек районунда ишембиде оңчул радикалдык маанайдагы 400гө чукул адам шаардын борборуна жөө жүрүшкө чыгып, полиция аларга тоскоолдук кылган учурда кагылышуу болду. Көтөрүлүшчүлөр полицияны көздөй таш жана таштанды салынган баштыктарды ыргытышты. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, башаламандык учурунда 100гө жакын адам кармалды.

Моленбекте оңчул радикалдардын демонстрациясына тыюу салынган. Ушул эле күнү элди расага бөлүүгө каршы акция да уюштурулуп, анда ондой активист камакка алынды.

22-марттагы теракттардан кийин Белгиянын бийлиги кандай гана акция болбосун элдин көп чогулушуна жол бербөөгө умтулууда.

Моленбекте буга чейин былтыр ноябрдагы Париждеги кандуу окуяларды уюштурду деп айыпталган Салах Абдеслам кармалган эле. Бул райондо 2015-жылдын августунда Thalys поездин жардырууну көздөгөн марокколук жаран жана 2014-жылдын майында Брюсселдеги жөөттөрдүн музейинде ок аткан француздун жашап турганы аныкталган.

XS
SM
MD
LG