Бүгүн Бишкекте бийлик менен оппозициянын жолугушуусу өтөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу укук коргоочу Турсунбек Акун “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, жолугушууга бийлик, оппозиция жана жарандык коомдун өкүлдөрү чакырылды. Анда бийлик менен оппозициянын мунасага келүүсү, социалдык курч маселелер талкууланат. Негизинен бийик тоолуу райондордун жашоочуларына бериле турган жеңилдиктер, электр энергиянын баасы тууралуу өкмөттүн акыркы чечими, айрым оппозиция өкүлдөрүнүн камалышына байланышкан маселелерди чогуу чечүү сунушталмакчы. (NT)