Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:08

Апрель соту: соттолуучулар соңку сөздөрүн айтууда


Апрель соту
Апрель соту

Бүгүн апрель соту боюнча отурум Республикалык аскер сотунда уланып, анда соттолуучулар акыркы сөздөрүн айтышты. Азыркы убакка чейин качкын президент Курманбек Бакиевдин кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиев жана ошол кездеги баш прокурор Нурлан Турсункулов соңку сөздөрүн сүйлөштү. Бул жолку соттук отурум акыркы болуп саналат, чыккан өкүм даттанууга жатпайт.

Соттун буга чейинки инстанциясында атайын кызматтын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов 20 жылга, мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Темирбаев 22 жылга, дагы бир орун басары Данияр Дунганов 25 жылга кесилген. Мурдагы баш прокурор Нурлан Турсункулов жана президенттин кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиев он жылга кесилип, камакка алынган. Он жылга кесилген Суталиновдун кеңешчиси Марат Бакиевге, ошол кездеги президенттик катчылыктын жетекчиси Оксана Малеваннаяга жана өмүр бою эркинен ажыратылган ошол кездеги өкмөт башчысы Данияр Үсөновго сыртынан өкүм чыккан болчу. Бишкекте Ак үйдүн алдында 2010-жылкы элдик толкундоонун натыйжасында 77 адам окко учуп, 300дөн ашууну жараат алган.(UEz)

XS
SM
MD
LG