Ирандын мунай өндүрүш көлөмү өлкөгө санкция киргизилген учурда дүйнөлүк базарда жоготкон ордун калыбына келтиргенге чейин уланат. Бул тууралуу Ирандын мунай министри Бижан Занган 3-апрелде Ирандын Мехр агенттигине билдирди.
Бижан Занган Орусия жана Сауд Арабиясынын мунайга бааны турукташтыруу максатында мунай өндүрүүнү кыскартуу жөнүндөгү февралдагы сүйлөшүүсүнө карата ушундай пикирин айткан. 17-апрелде мунай өндүрүүчү өлкөлөрдүн Катарда жолугушуусу белгиленген. Бижан Занган Орусия жана Сауд Арабиясынын өндүрүштү кыскартуу аракетин оң баалады. Ал өзү да “убактысы болсо” Доха жыйынына сөзсүз катышарын кошумчалады. (AiT)