Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:44

Чехия Ирактан келген 25 христианды мекенине кайтарат


Чехиянын ички иштер министри Милан Хованец ирактык христиандар Чехияны чанып, Германияга жөнөгөндүктөн Иракка кайтарыларын билдирди. Маалыматка караганда, Чехияда турган 25 чакты ирактык христиан автобус менен 2-апрелде Германияга багыт алып, чек арада немис полицейлери тарабынан токтотулган. Чех бийлиги аларды кайтарып алууга макулдук берди.

Хованецтин айтымында, бирок Чехияны таштап, Германияга багыт алган ирактыктар мекенине кайтарылат. Чех бийлиги ошондой эле 2-апрелдеги окуядан кийин Ирак жана Ливандан качкындарды кабыл алуу программасын токтотконун кабарлады.

Согуш чыккан региондордон качкындарды кабыл алуу чечими боюнча Прага өткөн жылы декабрь айында 153 ирактык христианды кабыл алган. (AiT)

XS
SM
MD
LG