Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:00

Акун: Оппозиция Сариев менен жолугушууга кызыкдар


Оппозициянын өткөн жылкы Жалал-Абаддагы жыйыны.
Оппозициянын өткөн жылкы Жалал-Абаддагы жыйыны.

Бишкекте мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун демилгелеген бийлик менен оппозициянын жолугушуусу өттү. Бийлик тараптан “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев баштаган өкүлдөр келсе, оппозиция тарапты Азимбек Бекназаров баштап келди.

Турсунбек Акундун айтуусунда, оппозиция бийликтен аларга карата ар кандай кысымдарды, камоолорду токтотууну талап кылып, Үңкүр-Тоо боюнча ачык сынын айтышты.

Жолугушууда мындан сырткары бийлик менен оппозициянын мунасага келүүсү жана социалдык курч маселелер талкууланды. Ушундай эле форматтагы кезектеги жолугушуу 28-апрелде өтөт. Оппозиция ага өкмөт башчы Темир Сариевдин катышуусун талап кылды. (UEz)

XS
SM
MD
LG