Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:13

Алыкул акындын Москвадагы күйөрманы


Акын, эссеист, котормочу Михаил Синельников.
Акын, эссеист, котормочу Михаил Синельников.

Москвада Кыргызстанды өз мекеним деп санаган акын-котормочу Михаил Синельников жашайт. Бүгүнкү Орусиянын көйгашка котормочуларынын бири Михаил Исаакович жарым кылымдан бери кыргыз акындарын орусча сүйлөтүп жүрөт.

Ал “Азаттыкка” курган маегинде Алыкул Осмоновдун поэтикалык генийлиги, перс поэзиясынын өзгөчөлүктөрү жана поэзияны которуунун сырлары тууралуу ой бөлүштү.

Алыкулдун талантына таазим этип...

Михаил Синельников 1946-жылы мурдагы Ленинград, азыркы Санкт-Петербургда туулган. Бирок ал жаштык курагы өткөн Кыргызстанды өз журтум деп эсептейт. Ал орус тилине улуу Токтогулду, Касым Тыныстановду, Алыкул Осмоновду, Сүйүнбай Эралиевди, Сооронбай Жусуевди, Жолон Мамытовду, Сүйөркул Тургунбаевди, Омор Султановду, Анатай Өмүркановду жана башка акындарды которгон. Михаил Исаакович Алыкулдун поэзиясына болгон сүйүүсүнө өмүрү эрте үзүлгөн досу Жолон Мамытов себепчи болгонун айтты:

- Алыкул Осмоновдун чыгармаларына кызыгып калуума Жолон Мамытов менен маектешүү түрткү берди. Ал мени менен Алыкулдун кээ бир ырларын окуп, алардын ширесин жана кыргыз поэзиясынын өзгөчөлүгүн түшүндүрүүгө көп аракет жасады. Ушундай шыктануу менен Алыкул Осмоновдун котормолор жыйнагын “Мой Алыкул” (1990-жылы чыккан) деп атадым. Былтыр болгон юбилейине байланыштуу Алыкулга кайра кайрылып, жаңы жыйнагын түздүм. Ага Алыкулдун түрдүү мыкты котормочулар оодарган ырлары кирди. Жыйнакта улуу акындын жүзү кайра жаралат.

Алыкул кайсы бир жолдор менен 20-кылымдын негизги темаларын тапкан. Бул жолду дүйнөлүк улуу Европа маданиятынын сересинде турган Томас Манн, Герман Гессе, Альбер Камю басып өткөн.

Михаил Синельников жаңылбасам, орус тилдүү акындардан биринчи болуп Алыкул Осмоновду дүйнөнүн даркан акындарынын бири деп эсептерин бир нече ирет айткан да, жазган да. Дүйнөлүк адабиятты жакшы билген, ошол эле кезде перс-тажик жана грузин поэзиясынын мыкты котормочусу саналган энциклопедиялык билимдүү адамдын эстетикалык табити да бийик. Ошон үчүн Алыкулдун ырларын кандай негизде дүйнөлүк берметтерге кошконун сураганымда М. Синельников мындай деди:

- Албетте, Кыргызстанда Алыкулга чейин эле улуу акындар болгон. Теңдешсиз “Манас” эпосу жана улуу манасчылар бар. Албетте, Кыргызстанда автордук поэзиясы пайда болгон тарыхый анча узун эмес мөөнөттө бир нече алп акындарды, алардын катарында улуу жолдошторум Сүйүнбай Эралиев, жакында арабыздан кеткен Сооронбай Жусуевди жана менин курдаштарымды берди. Арийне, талашсыз гений бир адам бар. Ал Алыкул Осмонов. Эмне үчүн? Себеби, чыгармачылыгы кемелине жетип турган кыска өмүрүнүн акыркы беш-алты жылында, темасына карабай мазмуну абдан терең чыгармаларды жаратты.

Алыкул Осмонов улуттук акчанын бетинде.
Алыкул Осмонов улуттук акчанын бетинде.

Тема, менин оюмча, искусстводо анча чоң роль ойнобойт, чоң мааниге да ээ эмес. Анткени ар кандай темага кайрылганда башка темаларга да кеңири кайрылса болот. Алыкулдун сөздөрү көп катмарлуу. Сталиндик катаал доордун акыркы жылдары баарынын кекиртегине сыйыртмак салынып, дүйнөлүк маданият менен байланыш үзүлүп, космополитизм менен күрөш жүрүп турган жагдайда Алыкул дүйнөлүк маданиятка оргуштап кошулду. Бул керемет мени таң калтырат. Албетте, буга анын орус тилин жакшы билгени чоң көмөк болду деп ойлойм. Орус тилин билүүсүнө балдар үйүндө Алыкулдун тарбиячысы болгон орус аял Грунья Савельеванын да салымы чоң. Ал Пушкинди, Руставелини, Шекспирди кыргыз тилине которгондо алардын чыгармаларын терең түшүнүп которгон.

Акынды көрө албаган административдик бийликке ээ адамдар болгон. Алар Алыкулдун ийгилигин төмөндөтүп, өзүн бир чекте кармагысы келген. Көбүнчө гениалдуу адамдар менен болуп жүргөндөй эле Алыкул тирүүсүндө өзү каалагандай атак-даңкка жете алган жок.

Михаил Синельниковдун баамында, Алыкул Осмоновдун акындык чеберчилигинин өсүшүнө дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүн өздөштүргөнгө катар “Манас” эпосу базис же пайдубал болгон:

- Ошентип Алыкул кайсы бир жолдор менен 20-кылымдын негизги темаларын тапкан. Бул жолду дүйнөлүк улуу Европа маданиятынын сересинде турган Томас Манн, Герман Гессе, Альбер Камю басып өткөн. Алыкул Осмонов 20-кылымдын эң чиелешкен татаал темасына - мифке Кыргызстанда туруп жол таба алды. Себеби ал жараткан поэмалар элдик уламыштарды ырга салбайт, аларды жаңы мезгилдин духуна ылайык кайра ойлонуштурат. Ал ар кандай адатка айланган ырым-жырымдан эркин. Ал элдик уламыштарды урматтайт, бирок уламышты сыйкырлайт, анын ачкычын таап, жаңыча күүгө салат. Андан Алыкул жашаган мезгилдин ыргагын сезесиз.

Алыкул –гений

Күнкорсуздук жылдары чыккан жыйнактарда кээ бир акындардын өз мезгилинде жогорку бааланган, бирок советтик доорго мүнөздүү ырлары киргизилбей жүрөт. Мындай тажрыйбаны Михаил Синельников натуура деп билет. Анткени бул жолой акындын көз карашынын өнүгүүсүн, эволюциясын жана ошол убактын идеологиялык өзгөчөлүгүн түшүнүүгө жолтоо болот дейт акын-котормочу. Ошондой эле Алыкул Осмоновдун атак-даңкын көрө албаган Кыргызстандын жетекчилигиндеги чиновник сөрөйлөр 1985-жылы акындын ырларын “Литературная газетага” телефон чалып жатып, чыгартпай коюшканын өкүнө эскерди:

- Мен Алыкулдун эки китебине кириш сөз жаздым. Анда Алыкулдун колхоз, эмгектин алдыңкылары (ударниктери), трактористтер жөнүндөгү ырларындагы советтик терминдерге ашыкча маани берүүнүн кереги жок, себеби анын баары ошол доордун ураандары деп жаздым. Ал лозунгдарды Алыкул өз мезгилинин адамы катары кабыл алат. Бирок ал дагы бийик көтөрүлөт. Аны ударниктин эмгегинин натыйжасы эле кызыктырбайт, ал жөнөкөйдөй көрүнгөн адамдардын ички дүйнөсүнө, адамгерчилигине жана пенденин татаал табиятына үңүлүп карайт. Арийне, Алыкулдун чыгармаларындагы кереметтүү лиризм, сезимдин тереңдиги бардык кыргыздарды өзүнө тартып турат. Ырас, дайыма акынды көрө албаган административдик бийликке ээ адамдар болгон. Алар Алыкулдун ийгилигин төмөндөтүп, өзүн бир чекте кармагысы келген. Көбүнчө гениалдуу адамдар менен болуп жүргөндөй эле Алыкул тирүүсүндө өзү каалагандай атак-даңкка жете алган жок. Бирок ал түбөлүккө кыргыз элинин сүймөнчүгүнө айланды. Алыкул өмүрүнүн эң жемиштүү акыркы жылдарында жараткан чыгармалары аны дүйнөлүк генийлердин үркөрдөй тобуна кошконго мүмкүндүк берет.

Перс поэзиясына болгон сүйүүнүн сыры

Михаил Синельниковдун перс поэзиясына болгон сүйүүсү өзгөчө. Себеби, перс поэзиясын - дүйнөлүк поэзиянын түркүгү деп санайт. Ал улуу Хаканинин чыгармаларынын теңине жакынын жана башка тажик-перс акындарын орус тилинде сүйлөткөн.

- Билесизби, мага дайыма Чыгыш жакын болчу. Мен Чыгыш классикасын которууга аракет кылдым, бирок башынан эле ага даяр болчумун деп ойлобойм. Бир учурда перс классикасын которууга даярмын деген ишеним келди. Перс классикасын автордук поэзиянын эң улуусу деп ойлойм.Совет заманында котормочулук өз чыгармаларын басууда кыйынчылкка кабылган акындардын убакыт өткөрүү амалы эле.

Хаканин китебиндеги сүрөт
Хаканин китебиндеги сүрөт

Мен 12-кылымда өткөн улуу акын Хаканини котордум. Анын да оргиналдуу рубаилери бар. Айырмасы Омар Хайям дүйнөнү багындырып алды. Ырас, тажиктер менен перстер аларда Омар Хайямдан да күчтүү акындарыбыз бар деп эсептешет. Чыгышта акын монументалдуу чоң чыгарма жараткан болушу керек деген пикир бар. Ал эми Омар Хайямда жалаң төрт саптар. Бирок Омар Хайямдын кичинекей ырларындагы афоризмдин тереңдиги, үндөрдүн гармониясы - котормо болсо дагы сөздөрдүн орун алуусунда жаңыргандай сезилип турат. Мунун баары дүйнөнү тербетип алды. Омар Хайямдын дүйнөлүк салтанаты орус поэзиясынын күмүш доору менен шайкеш келди. Ага чейин Англияда прерафаэлиттер бар эле. Омар Хайямдын дүйнөнү таазим эттирген алгачкы котормолору англис тилинде болгонун унутпасак. Андан кийин орустар да Омар Хайямдын чыгармаларына баш-оту менен кирип кетишти.

Поэзияны которуунун машакаты

Орусияда падышалык замандан тартып эле перс, араб жана түрк адабиятын күчтүү акындар которушкан. Синельников бул салтты улантуу менен аларга да чакырык таштайт, окурманга акындарды башка көз менен окууга мүмкүндүк берет.

- Котормолор көп болгону сонун эмеспи. Албетте, поэзия которулбасын баарыбыз түшүнөбүз. Бирок поэзиянын котормочулары деген кесип бар. Поэзияны башка тилге дал өзүндөй толук, так, окшош которуу мүмкүн эмес. Анткен менен акынды акын которгондо, түп нусканын тууган жаатынын образын түзгөн поэзия жаралат. Котормого мамиле ушундай. Орустун улуу акыны Осип Мендельштам: “Котормочу автордун кубаттуу түшүндүрүүчүсү” (Переводчик-это могучий истолкователь автора) деп айткан. Автор ар кандайча түшүндүрүлүшү мүмкүн. Кайра жаралган нуска ар кандай ой жоромолго түрткү берет. Бирок котормонун ийгилиги түп нусканын ийгилигиндей узак мезгилге түтпөйт. Ырас, котормо сыйкырланып, кайсы бир элдин өз поэзиясына кошулган учурлар да болгон.

(Михаил Синельников менен маекти жана акындын Кыргызстандагы өмүрүнө арналган “Алыскы токой” деген ырын ушул жерден уга аласыз)

please wait

No media source currently available

0:00 0:12:40 0:00

Арийне, Омар Хайям эркиндикти сүйгөн, динге ишенген, шок, даанышман инсан. Бул карама-каршылык акындын кайбар, кылымдарга изин калтырган теңдешсиз мүнөзүн түзөт. Перс адабиятынын башка бир гениалдуу акыны Санаи: “Юноша, пока ты сырая глина, Прими на себя отпечаток мира”,- деп айткан. Улуу акын таланты жана чеберчилиги менен дүйнөнүн кереметин өз чыгармаларына камтыйт. Акындык тайманбастык - бул дүйнө менен жуурулушуп кетүү, ага өз мүнөзүнүн өзгөчөлүктөрүн берүү.

Хаканинин поэзиясынын касиети

Акын-эссеист, адабиятчы, поэзияны изилдөөчү Михаил Исааковичтин өз калемине 26 китеп таандык. Ал эми котормолорун жана түзгөн жыйнактарын кошо эсептегенде алардын саны 100гө жетет. Мунун өзү тынбаган эмгек, окуу, изденүү. Котормочулук өз чыгармаларыңызды жаратууңузга тоскоол болгон жокпу деген суроомо, жок, мени өстүрдү, дейт акын.

- Акын үчүн котормо менен алпурушуу зыян деген пикир бар. Ал туура. Бул бирок ортозаар акындарга байланыштуу айтылган сөз. Эгер начар ырларды которсоң, өзүң да начар боло баштайсың. Ортозаар акындарды которгондо кыймылың саалгыйт. Сен улуу акын менен эрегишке чыкканда өзүңдүн жашыруун ресурстарыңды, өз сөз сандыгыңдан мурда чоочун көрүнгөн сөздөрдү ылгап алып рифмага саласың. Бул эрөөлдө өзүң да өсөсүң. Хаканинин котормосун бүткөргөндөн кийин өзүм да өзгөрдүм, менин ырларым да өзгөрдү. Бул мен Хаканини туурай баштадым дегенди билдирбейт. Ага жетүү мүмкүн да эмес. Менде Хаканини которуунун жоопкерчилигинен улам мурда белгисиз касиет пайда болду. Мен аны сезип жатам. Андыктан Хаканинин поэзия дүйнөсүнө киргениме, анын коомунда бир нече жыл күн-түн убактымды акындын узун касыдалары, газелдери, рубаилери жана поэмалары менен өткөргөнүмө чоң кубанычтамын. Анын “Медаинин урандылары” поэмасын Данте Парижде окуп жүргөндө таанышкан деп ойлойм. Ал кезде Хаканинин чыгармалары жаңы гана Европага жетип жаткан.

Поэзия жана адабият жөнүндө сүйлөгөндө ак жаандай төгүлгөн Михаил Синельников мыкты аңгемечи да. Ошондон куйма кулак акын менен сүйлөшүп отуруу кызык. Котормочулук, Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгы, башка акындар, өз замандаштары, жаштык курагы, студенттик жылдары өткөн Жалал-Абад, Ош тууралуу аңгемелерин угуп эле отургуң келе берет. Бекеринен акын ал жерлерди “Алланын жери” же Кудайдын көзү сүйүнгөн жер деп атабайт. Михаил Исааковичтин “Алыскы токой” деген ыры ошол жаштыгы калган Арстанбапка арналгандай.

XS
SM
MD
LG