Радикал партиянын лидери Олег Ляшко президент Петро Порошенко офшордук компаниялар аркылуу Украинада салык төлөөдөн качканын Антикоррупциялык бюро иликтөөгө киришиш керектигин 4-апрелде билдирди.
Панамалык "Моссак Фонсека" компаниясынан алынган маалыматтарда президент Порошенко Британиянын Виргин аралында жайгашкан жашыруун офшордук компаниялар менен байланышта экени көрсөтүлгөн. Антикоррупциялык бюро өз кезегинде президентке каршы иликтөө иштерин жүргүзүүгө укугу жок экенин 4-апрелде маалымдады. (AiT)