Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтык орнотуу фондунун өкүлдөрү 4-8-апрелде расмий сапар менен Кыргызстанда болушат. БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, делегация тынчтык орнотуу программасын текшерүүгө алат. Аталган программа 2013-жылы иштелип, ага 15.1 млн. доллар бөлүнгөн.
Тынчтык орнотуу программасы адам укуктары, мыйзам үстөмдүгү, тынчтыкты чыңдоо, билим берүүнү өркүндөтүү жана жарандык коомду өнүктүрүү тармактарына багытталган.
БУУнун өкүлдөрү сапар алкагында президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов жана анын орун басары Мира Карыбаева менен жолугушат.(UEz)