Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Орусияда “Аум Синрикё” уюмунун өкүлдөру жапырт текшериле баштады


"Аум Синрикё" уюмунун Москва четиндеги үйлөрү.
"Аум Синрикё" уюмунун Москва четиндеги үйлөрү.

Москва жана Санкт-Петербург шаарларында Орусияда тыюу салынган “Аум Синрикё” уюмунун мүчөлөру жапырт текшериле баштады. ТАСС агенттиги кабарлагандай, Ички иштер министрлиги 40тан ашуун адамды суракка алды.

«Аум Синрикё» уюму 1987-жылы Жапонияда уюшулган. 1995-жылы бул топ Токио метросунда теракт жасап, 10 адам мерт кеткен. Уюмдун башчысы Секо Асахара өлүм жазасына тартылган.

Орусияда “Аум Синрикё” уюмуна 1995-жылы тыюу салынган. Быйыл март айынын этегинде Черногорияда аталган топтун орусиялык мүчөлөрү кармалып, өлкөдөн чыгарылган эле. Орусия полициясы негизинен ошол жактан келгендердин ишмердиги текшерилип жатканын кабарлады.

XS
SM
MD
LG