2016-жылдын 5-апрелинде жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137, 198-265 чакырымдары) жана Каракол-Эңилчек (45-90 чакырымдары) жана Ала-Бука-Каныш-Кыя (70-90 чакырымдары) авто унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. 5-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактарда автожолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 м/с.
6-апрелде түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу аймактарда автожолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 10…15;
Таласта түнкүсүн 1…6, күндүз 8…13;
Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18;
Баткенде түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17;
Көл кылаасында түнкүсүн -1…4, күндүз 9…14;
Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 9…14;
6-апрелде Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз бир аз жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 5…7, күндүзгү жогорку температурасы 13…15 градус жылуу болушу күтүлөт.