Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Тоолуу Карабакта салгылашкан тараптар ок атышууну токтотту


Тоолуу Карабак
Тоолуу Карабак

Азербайжан жана Армения ортосундагы талаштуу Тоолуу Карабак аймагында азери күчтөрү менен армян жикчилдери ок атышууну токтотту. Салгылаш бүгүн түшкү саат 12де токтотулганын Азербайжандын Коргоо министрлиги билдирди. Маалыматты Ереван колдогон жикчил күчтөр да бышыктады.

Азербайжан 2-апрелде тутанган коогадан бери 16 жоокерин жоготконун билдирди. Армян жикчилдери 18 өкүлү курман болгонун кабарлаган. Мерт кеткендер арасында жайкын тургундар да бар экени айтылууда.

Аймактагы кырдаалдан улам бүгүн Вена шаарында Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Минск тобу жолугушмай болгон. Аталган топтун курамында АКШ, Орусия жана Франция өкүлдөрү бар.

XS
SM
MD
LG