“Азаттык” радиосунун кабарчысы Уланбек Эгизбаевдин Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Ак-Учук айылында жашаган тубаса майып Нургазы тууралуу фильми эл аралык Webby Awards сыйлыгынын "Дүйнөлүк мыкты видео" наамына көрсөтүлдү. Тасма беш мыктынын бири катары сынакта ат салышууда.
Эл аралык санариптик искусство жана илим академиясы уюштуруп, быйыл 20-ирет өтүп жаткан сынакка вебсайттар, онлайн булактардагы фильмдер жана видеолор катышат.
“Кыял” аттуу тасмада майып жигиттин мыкты билим алуу тилеги, мектепке баруу үчүн квадрацикл сатып улуу үмүтү сүрөттөлгөн. Видео былтыр “Бир дүйнө Кыргызстан” фестивалына катышкан. Тасма жарыялангандан соң активисттер Нургазыга квадрацикл сатып беришкен эле.
Дүйнөлүк беш мыкты видео сынагында "Кыял" тасмасын сүрөө үчүн бул шилтемеден добуш берсеңиз болот. (SE)