Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:39

Тимошенконун партиясы оппозицияга өтөт


Юлия Тимошенко
Юлия Тимошенко

Украинанын Жогорку Радасындагы “Батькивщина” фракциясы оппозицияга өтөт. Бул тууралуу партия лидери Юлия Тимошенко билдирди. Ал оппозицияга өтүү менен мамлекеттик башкаруудагы эски системага каршы күрөштү жандантууга, олигархтык мафияны жок кылууга салым кошууну көздөгөнүн билдирди. Анын айтымында, жаңы коалиция куроо боюнча сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ушундай чечим кабыл алынды.

Мурдараак Тимошенко жер сатууга мораторий киргизүү, тарифтерди арзандатуу жана салык төлөөгө байланыштуу бир катар мыйзамдарды тез арада кабыл алууну талап кылган эле. Эгер бул талап аткарылбаса, коалициялык көпчүлүккө кирбей турганын маалымдаган.

“Украинская правда” гезити Жогорку Рададагы башкаруучу коалиция президентик администрациянын демилгеси боюнча “Петр Порошенконун блогу” жана Арсений Яценюктун “Элдик фронт” фракцияларынан куралышы мүмкүндүгүн жазды.

Жогорку Рададагы мурдагы коалиция өкмөттү кетирүү боюнча тил табыша албай жакында тараган эле.

XS
SM
MD
LG