Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:49

Mossack Fonseca: маалыматтарды хакерлер уурдаган


Панамалык компания.
Панамалык компания.

Панамалык Mossack Fonseca компаниясынын негиздөөчүлөрдүн бири Рамон Фонсека башка өлкөдөн жасалган хакердик чабуулдан улам офшор боюнча маалыматтар ачыкка чыгып кеткенин Рейтер агенттигине билдирди. Ал Панама прокуратурасына арыз жолдонгонун, өзү жетектеген фирма мыйзамдын негизинде иш жүргүзгөнүн кошумчалады.

Компания негиздөөчүсү кылмыштуу документтерди жок кылган жана жемкорлорго акчанын изин жашырууга жардам берген деген сынды четке какты. Кечээ АКШ президенти Барак Обама панамалык компаниянын маалыматтарынын негизинде даярдалган баяндама салык төлөөдөн качуу глобалдык көйгөйгө айланганын көрсөткөнүн айтып, буга бөгөт коюу боюнча мыйзам кабыл алууга Конгрессти чакырды.

Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө боюнча борбор, Журналисттик иликтөөлөрдүн эл аралык консорциуму даярдаган баяндама 3-апрелде жарыяланган. Анда дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттериндеги саясатчылар менен ири ишкерлердин офшордук компаниялар аркылуу акчаларын адалдоо ыкмалары камтылган. Документтеги маалыматтар Панаманын офшордук кызмат көрсөткөн Mossack Fonseca компаниясынын базасынан алынган.

XS
SM
MD
LG