Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:29

Чек ара кызматы кыргыз-өзбек чегинде кырдаал туруктуу экенин билдирди

Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-өзбек чегинде абал тынч экенин билдирип, өзбек тарап такталбаган тилкеге жол куруп жатат деген маалыматты төгүндөдү. Мекеменин маалымат катчысы Сажира Чоколоеванын “Азаттыкка” ырасташынча, Ала-Букадагы чек ара отряды кадимки режимде иштеп жатат.

Мындан мурдараак Ала-Бука районундагы Көк-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Арап айылына жакын такталбаган тилкеге өзбек тарап унаа жолун куруп жатканын жергиликтүү кеңеш депутаттары “Азаттыкка” кабарлашкан.

Көк-Таштан 18 чакырым алыс жайгашкан Арап айылында 150гө жакын түтүн жашайт. Ал жерде Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда 19 миң гектардан ашык такталбаган жер бар.(UEz)

XS
SM
MD
LG