Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:14

"Панамагейт": Исландия премьери кызматтан кетмей болууда


Исландия премьер-министри Сигмундур Давид Гуннлёйгссон кызматынан кетерин шейшембиде исланд өкмөтүнүн мүчөсү кабарлады.

Associated Press басылмасынын жазганына караганда, өлкө президенти азырынча отставканы кабыл ала элек.

Дүйшөмбүдө болсо миңдеген исландыктар Рейкьявиктеги парламенттин алдына чыгышкан. Алар жакында жарык көргөн эл аралык офшордук жаңжалда аты аталган премьердин кызматтан кетишин талап кылган.

Панамадагы Mossack Fonseca юридикалык фирмасынан чууруган маалыматта исланд премьери аялы экөө офшордо фирма ачканы билинген. Бирок, ал 2009-жылы парламентке шайлангандан кийин бул тууралуу ооз ачкан эмес.

Исландиялыктар Гуннлёйгссондун үй-бүлөсү чет өлкөдөгү активдерин жашырган учурда, тагыраагы 2008-жылданы бери өлкөдө валюталык катуу чаралар көрүлгөнүн эскеришет. Ага ылайык, капиталды алып кирүү жана чыгууга чек коюлганын болчу.

Mossack Fonseca фирмасынын документтеринде премьердин үй-бүлөсүнүн мүлкү мурас экени көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG