Бүгүн Талас мамлекеттик университетинде Апрель ыңкылабына арналган илимий-практикалык конференция өттү. Андан соң облус активи ыңкылапта курман болгондордун эстелигине гүл коюп, куран окушту.
6-7-апрель окуяларындагы фото, видеобаяндар, мекенчил ыр-күүлөр коштогон иш-чаралар жана ар кандай спорт оюндар боюнча мелдештер эртең да уланат.
2010-жылы Курманбек Бакиевди бийликтен кулаткан элдик толкундоолор алгач 6-апрелде Таласта башталган. (SS)