Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:14

Депкомиссия Сариевдин кызматтан кетишин талап кылат


Министр Малабаев өкмөт башчы Сариевге түшүндүрмө берүүдө. Баткен, 26-январь, 2016-жыл.
Министр Малабаев өкмөт башчы Сариевге түшүндүрмө берүүдө. Баткен, 26-январь, 2016-жыл.

Балыкчы – Корумду трассасы жана Бишкектен “Манас” аэропортуна кеткен жол курулушундагы мыйзам бузууларды иликтеген депутаттык комиссия премьер-министр Темир Сариевдин отставкасын талап кылат. Мындай маалымат комиссиянын бүгүнкү отурумунда белгилүү болду.

Депутаттарга түшүндүрмө берип жатып транспорт жана коммуникациялар министри Аргынбек Малабаев тендерде уткан компанияда премьер-министр Темир Сариевдин жеке кызыкчылыгы болгонун ачык айтты. Бүгүн түшкө чейин ушул эле жол чыры боюнча өкмөт башчы Темир Сариевдин тапшырмасы менен түзүлгөн мекемелер аралык комиссия Аргынбек Малабаевдин жоопкерчилигин кароо сунушун өкмөт башчыга берген.

104 чакырымга созулган Балыкчы – Корумду жолун калыбына келтирүү үчүн бюджеттен 7 миллиардга жакын сом бөлүнгөн. Транспорт министрлиги өткөргөн тендерде жол куруу укугун лицензиясы жок кытайлык “Лонг Хай” компаниясы уткан. Буга чейин “Азаттык” аталган жолдун курулушундагы мыйзам бузуулар боюнча “Жолдон жонулган жашылдар” аттуу теле иликтөө даярдаган болчу.(UEz)

XS
SM
MD
LG