Ысык-Көл облусунда “Ысык-Көл жана анын атуулдары” деген аталышта кыска метраждуу тасмаларды жана видеороликтерди тартуу боюнча кароо-сынак жарыяланды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, сынак быйылкы Тарых жана маданият жылына карата Ысык-Көл жергесинен чыккан белгилүү инсандардын асыл ойлорун, накыл кептерин жаштарга жеткирүү, касиеттүү көлдү даңазалоо максатында өткөрүлөт.
Кароо-сынакты уюштуруу боюнча атайын жумушчу топ түзүлгөн. Сынакка келип түшкөн материалдар жумушчу топтун сунушу менен облустук телеберүү компаниясы аркылуу көрсөтүлөт. Сынактын байге фонду азырынча аныктала элек. (AsM)