Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:31

Сариев Малабаевди иштен алуу сунушун президентке жолдоду


Аргынбек Малабаев
Аргынбек Малабаев

Өкмөт башчы Темир Сариев бүгүн транспорт жана байланыш министри Аргынбек Малабаевди кызматтан алуу боюнча сунушун президентке жолдоду. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, мындай чечимге Малабаевдин Балыкчы – Корумду жана аэропорт жолунун курулушунда кетирген кемчиликтери себеп болгон. Жол курулушу үчүн өткөрүлгөн тендерлердеги мыйзам бузуулар боюнча парламентте депутаттык жана өкмөттөр мекемелер аралык комиссия түзүлгөн.

Буга чейин “Азаттык” аталган жолдордун курулушундагы мыйзам бузуулар боюнча “Жолдон жонулган жашылдар” аттуу телеиликтөө даярдаган болчу. Аргынбек Малабаев 2010-2015-жылдары “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасын жетектеген. Ал 2015-жылдан бери транспорт министри болуп иштеп келаткан .(UEz)

XS
SM
MD
LG