Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:37

"Панамагейт": Тизмеде өзбекстандыктар да бар


Гүлнара Каримова
Гүлнара Каримова

Панамалык Mossack Fonseca юридикалык компаниясынын маалымат базасынан алынган документтерде өзбек аткаминерлери тууралуу да маалыматтар болушу мүмкүн.

Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту изилдөө боюнча эл аралык борбордун (OCCRP) редактору Миранда Патручич иликтөө жүрүшүндө панамалык компаниянын кызматынан пайдаланган өзбек аткаминерлерине да кезек жетерин билдирди.

"Алдын ала иликтөөдө Овик Мкртчяндын ысымы аталды. Биз дагы бир топ өзбекстандыктардын бети ачыларынан күмөн санабайбыз. Аларды биз ушул айдын аягына жакын аныктай баштайбыз", - дейт Миранда Патручич.

Өзбекстандык Овик Мкртчянды өзбек президентинин улуу кызы Гүлнара Каримова УККнын мурдагы генералы Хаёт Шарифходжаев түзгөн топтун мүчөсү катары сыпаттаган. Бул кылмыштуу топтун мүчөлөрү Mossack Fonseca аркылуу "арам акчаны адалдоо” боюнча купуя операцияларды ишке ашырып жүргөн.

Өзбекстан УККнын мурдагы генералы Хаёт Шарифходжаев үй камагында. Ал эми Юрий Савинков менен Овик Мкртчян абакта отурат.

XS
SM
MD
LG