Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:31

Тоолуу Карабакта тынчтык келишими сакталууда


Тоолуу Карабак уруштан кийин.
Тоолуу Карабак уруштан кийин.

Тоолуу Карабактагы үч күндүк атышуудан кийинки тынчтык келишими сакталууда.

Бүгүн чатакты жөнгө салуу үчүн түзүлгөн Минск тобунун теңтөрагалары Франция, Орусия жана АКШнын өкүлдөрү Азербайжан президенти Ильхам Алиев менен жолугушту. Арачылар кагылышты биротоло токтотуу үчүн саясий процесске кайтуу зарылдыгын белгилешти.

Тоолуу Карабак жаңжалы кайрадан 2-апрелдин түнүндө тутанган. Кагылышта Тоолуу Карабак 29 кишисинен ажыраганы, азербайжан тарап 16 аскерин жоготкону маалымдалды. Атышуу учурунда карапайым адамдар мерт болгону, жарадар болушканы кабарланууда.

Дүйшөмбүдө БУУ кагылыш курмандыктары 30дан ашып, 200дөн көп адам жаракат алганын билдирген. 5-апрелде Армения менен Азербайжан элдешкенин, аскердик аракеттер токтотулганын жарыялашкан.

XS
SM
MD
LG