Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Кылмыштуу топтун өкүлү милиция огунан жараланды


Окуя Бишкектин 3-кичи районунда кылмышкерлерди кармоо операциясы учурунда болгонун шаардык милициянын басма сөз катчысы Олжобай Казабаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, шектүү делген автоунааларды токтотуу учурунда милиция кызматкерине каршылык көрсөтүлүп, жамбашына бычак сайылган. Тартип сакчысы курал колдонууга аргасыз болуп, каршылык көрсөткөн адам милициянын огунан жараланып кармалган.

Азыр милиция кызматкери жана кармалган адам ооруканада. Анын Шабдан Баатыр-Чүй көчөлөрүнүн кесилишиндеги кечээги окуяга катышы бар-жоктугу иликтенүүдө. 5-апрелдин кечинде бул жерде «Субару-Легаси» үлгүсүндөгү автоунаадагы адамдар 30 жаштагы Токмок шаарынын тургунун атып кетишкен. Ал жарадар болуп Улуттук госпиталга жеткирилген.

Алдын ала маалыматтарда ок тийген адам буга чейин Өзгөн райондук соту тарабынан карактоо үчүн жазага тартылганы кабарланган. Ошондой эле анын уюшкан кылмыштуу топтун лидерлеринин бири делген, “Сакал” деген каймана ат менен белгилүү Улан Токтосуновдун жан-жөкөрү деген жоромолдор бар. Милиция бул боюнча маалымат кийинчерээк берилерин билдирди. (NT)

XS
SM
MD
LG