Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:28

Брюсселде өзүн жардырган жанкечти Европарламентте иштегени айтылууда


Брюсселдеги жардыруулардан кийин.
Брюсселдеги жардыруулардан кийин.

Евробиримдиктин басма сөз кызматы 22-марттагы теракттарды жүзөгө ашырды деп шектелген адамдардын бири Европарламентте имарат тазалоочу болуп иштеп кеткенин ырастады. Анын аты-жөнү ачык айтылган жок. Бирок кеп Брюсселдин аэропортунда өзүн жардырган 25 жаштагы Нажим Лаашрауи тууралуу жүрүп жатканы болжолдонууда. Ал 2009-2010-жылдарда студент кезинде, жайкы эс алуу учурунда парламентти тейлеген тазалоо компаниясында иштегени айтылууда.

22-мартта аэропорттун учуу залында эки жанкечти-террорчу өзүн жардырып жиберген. Ага удаа калаадагы метродо жардыруу болуп, кош жардыруулар 30дан ашуун өмүрдү кыйган. Бул чабуул үчүн "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу жоопкерчиликти өзүнө алган.

XS
SM
MD
LG