Азербайжандын Коргоо министрлиги армян тарап Тоолуу Карабактагы убактылуу тынчтыкты 115 ирет бузганын жарыялады. Министрликтин өкүлү Вагиф Дяргахлы РИА Новости агенттигине талаштуу бардык жерлерден ири калибрдеги пулеметтордон жана замбиректерден аткылоо болгонун, бирок Баку тараптан жооп кайтарылбаганын кабарлады.
Өзүн эгемен республика деп жарыялап алган Тоолуу Карабактын жетекчилиги бул маалыматты четке кагып, түндө ок атышууну токтотуу боюнча келишимди бузган учурлар катталбаганын кабарлады. Азербайжан менен Армения 5-апрелде убактылуу элдешүү тууралуу макулдашкан болчу.
Тоолуу Карабак аймагындагы кырдаал 2-апрелге караган түнү курчуган. Шаршемби күнү тараптар төрт күндүк куралдуу тирешүү учурундагы жоготуулар жөнүндө кабар таратышкан. Тоолуу Карабак бийлиги 29 жоокер каза болуп, 28и дайынсыз жоголгондугун, дагы 72 жоокер жаракат алганын, Азербайжан болсо 31 жоокеринен айрылганын билдирди. Ал эми БУУнун дүйшөмбү күнкү маалыматында салгылашууда 30дан ашуун адам набыт болуп, 200дөн ашыгы жараат алганы айтылган.