Орусиянын Мамлекеттик думасынын төрагасы Сергей Нарышкиндин Бишкекке сапары 8-апрелде башталат. Анын жүрүшүндө өлкө жетекчилери менен жолугушуп, “Евразиянын экономикалык келечеги” аттуу эл аралык форумга катышары күтүлүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
8-апрелде өтчү форумдун ишине Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин парламенттеринин депутаттары, кыргыз өкмөтүнүн мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын, бизнес коомчулуктун жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү чакырылган. Анда биримдиктеги оош-кыйыштар ортого салынат. (NT)