Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:32

Атамбаев: 7-апрель элге жеңиш алып келди


2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондорду эскерүү.
2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондорду эскерүү.

Президент Алмазбек Атамбаев апрель окуясынын 6 жылдыгына байланыштуу элге кайрылуу жасады. Анда бүгүндөн тартып расмий майрамдардын катарына дагы бир майрам – 7-апрель – Элдик апрель революция күнү кошулганы белгиленип, бул чечимдин себептерине токтолгон. Аксы окуясы, март ыңкылабы жана 2010-жылдын 7-апрелинде кыргыз элинин эркиндик, демократия жана адилеттик үчүн күрөшү жүргөнүн, булар бири-бири менен байланышта экенин эске салган.

Ошондой эле соңку жеңиш күнүн майрамдоо дүйнөлүк тажрыйба экени, бул сыяктуу даталуу күндөр кыйла мезгил өткөнгө чейин кайгы, көз жаш аралаш эскерилип, бара-бара шаӊдуу майрамга айланарына ишеним айтылган.

Атамбаев 7-апрелди майрам катары белгилөөгө каршы чыккан саясатчыларды эл бузарлар катары сыпаттады. Кечээ 7-апрелди эс алуу – майрам күндөрдүн катарына кошуу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 3 окууда тең көпчүлүк добуш менен кабыл алынып, президент кол койгон. (NT)

XS
SM
MD
LG