Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:53

Апрель окуясынын 6 жылдыгы эскерилет


Демократия курмандыктарына коюлган эстелик.
Демократия курмандыктарына коюлган эстелик.

Бүгүн Кыргызстанда 2010-жылдагы апрель апаатына туура 6 жыл толду. Бишкектин четиндеги “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде апрель курмандыктары маркумдардын туугандары, жабыркагандардын жана апрель баатырларынын, президент баштаган бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда эскерилип, көрүстөндөрүнө гүл чамбар коюлат. "Ала-Тоо" ресторанында куран окулат.

2010-жылы 7-апрелде ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы демонстрацияга чыккан элге ок атылган. Андан жүзгө жакын киши өлүп, 300дөн ашууну ар кандай деңгээлде жаракат алышкан. Апрель апаатына байланыштуу соттук териштирүү дале аягына чыга элек. (NT)

XS
SM
MD
LG