Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:48

“Ата-Бейитте” апрель курмандыктары эскерилди


Апрель курмандыктары.
Апрель курмандыктары.

2010-жылдын 7-апрелинде окко учкан маркумдардын туугандары, жабыркагандар жана президент Алмазбек Атамбаев баштаган бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде куран окутулуп, мүрзөлөрүнө гүл коюлду. Атамбаев сөз сүйлөгөн жок. Алты жыл мурда 7-апрелде ок жаңылып каза тапкан 90го чукул адамдын 30га жакынынын сөөгү "Ата-Бейитке" коюлган.

Калгандарынын сөөктөрүн жакындары туулган жерлерине алып кетишкен. Бишкектин четинде жайгашкан "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси 2000-жылы негизделген. Бул жерде 1937-38-жылдардагы репрессиянын 137 курмандыгынын да сөөгү жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG