Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 19:20

Алты жылда 36 апрелчи каза болду


2010-жылдын 7-апрелиндеги ыңкылапта жаракат алагандардын 36сы каза болду. Бул тууралуу “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин жетекчиси, КСДП фракциясынын депутаты Мээрбек Мискенбаев “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтуусунда, буга чейин октон жаракат алгандардын 35и каза болсо, кечээ Кочкор районунда дагы бир Апрель баатыры көз жумду.

2010-жылдын 6-7-апрелиндеги элдик ыңкылапта кызматтан оодарылган Бакиевдик бийлик огунан 87 адам окко учуп, 300дөн ашыгы ар кандай жаракаттарды алышкан. Бүгүн мына ушул кандуу окуялардын 6 жылдыгы эскерилүүдө.(UEz)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG