Баткенде органикалык өрүк өстүргөн дыйкандар эл аралык уюмдун бактарга ар кандай химикаттарды чачуусуна нааразы болууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Алыш-Дан” айыл чарба кооперативинин жетекчиси Турсунали Төлөмүшов билдирди. Анын айтымында, “Агрогоризонт” долбоору Баткен районунун аймагында 625 гектар өрүк бактарына БИ 58 деген аталыштагы химикатты акысыз чача баштаган.
- Эми эле органикалык өрүк сатуу үчүн дүйнөлүк базарларда тапкан кардарларыбыздан айрылып жатабыз, бул биздин ишке тоскоолдук жаратып жатат. Бул боюнча жергиликтүү бийликке кайрылуубуздан натыйжа чыкпай жатат, - деди Төлөмүшов.
Айыл чарба министрлигине караштуу өсүмдүктөрдү коргоо боюнча облустук башкармалык жетекчиси Мунарбек Добутов дарылоодо эч кандай мыйзам бузуу жок экенин айтууда. Баткен облусу боюнча 10 миң гектардай өрүк багы бар. Жылдык киреше орточо 7 млрд. сомго чейин жетет. (JsA)