Кыргызстанга алгач ирет келген Таиланд ханышасы Маха Чакри Сириндхорнду президент Алмазбек Атамбаев кабыл алды. Жолугушууда эки өлкөнүн маданий-гуманитардык, билим берүү жана туристтик тармактагы кызматташуусу талкууланды. Президент Атамбаев ханышанын расмий сапары Кыргызстан менен Таиланддын алакасына жаңы дем берерин айтты.
Таиланд ханышасы Маха Чакри Сириндхорн Кыргызстанга бүгүн эртең менен келген. (UEz)