Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:33

Панама президенти: "Панама-гейт" көп өлкөлөрдүн проблемасы


Панама президенти Хуан Карлос Варела Mossack Fonseca юридикалык компаниясынан документтер массалык түрдө чыгып кетиши Панаманын эле эмес, башка өлкөлөрдүн да проблемасы экенин билдирди. Ал бул боюнча эл аралык эксперттер катышкан көз карандысыз комиссия түзүлүп, өлкөнүн азыркы финансылык саясатына баа берерин кошумчалады. Бул комиссия башка өлкөлөргө да пайдалуу болушу үчүн Панаманын финансы жана укуктук тармактараныдагы ачык-айкындуулукту жогорулатуу чараларын да сунуштайт.

Mossack Fonseca компаниясынан Панамадагы офшордук компаниялар тууралуу 11 жарым миллиондой документ ачыкка чыгып кетиши дүйнөнү дүрбөлөңгө салды. 3-апрелде жарыяланган масштабдуу документтерде азыркы кезде жана буга чейин мамлекет башчысы болгон 12 кишинин ысмы аталган. Жогоруда аты аталган юридикалык компания офшордук зоналарда компанияларды каттап, алардын салыктан качуусуна, ар кандай шектүү жагдайларда табылган акчаларды көздөн далдаа кармоосуна жардам берген.

"Панама-гейт" деп аталып калган бул окуядан улам Исландия премьер-министри кызматтан кетти.

Документтерде КМШ өлкөлөрүнөн Азербайжан президенти Илхам Алиев, орус президенти Владимир Путин, казак президенти Нурсултан Назарбаев менен байланыштагы ысымдар жана Украина президенти Петро Порошенконун аты аталды.

XS
SM
MD
LG