Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:17

ИМ согушкерлери туткунга алган сириялыктардын изи белгисиз


Сирия.
Сирия.

Өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган экстремисттик топ Дамаскинин түндүк-чыгышындагы цемент заводунун 300дөй жумушчусун барымтага алганын Сириянын мамлекеттик телеканалы кабарлады. Алар акыркы күндөрдө өкмөттүк күчтөр менен радикал исламчылардын күрөшү жүрүп жаткан Думайр шаарына жакын жерде уурдалган.

Сириянын өнөр жай министрлигинин билдирүүсүндө, жумушчулар менен байланыш үзүлүп, алардын дайыны билинбей жатат. Буга чейин Лондондо жайгашкан Сириядагы адам укуктары боюнча обсерватория согушкерлер заводго кол салганын жарыялаган болчу.

250дөй сириялыктын дайынсыз кеткенин Франс Пресс агенттиги да Думайрдын тургундарына шилтеме берүү менен маалымдап, согушкерлер Дамаскинин четиндеги аэропорт менен электрстанциясына чабуул жасап, бирок Сириялык күчтөр анын мизин кайтарганын билдирген.

XS
SM
MD
LG