Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:41

Торугартта 50дөн ашык автоунаа кармалып турат


Кытайдан жүк тарткан 52 автоунаанын айдоочулары Ат-Башы районунун аймагындагы таразага тартуу пунктунан өтүүгө эки күндөн бери уруксат берилбей жатканына нааразылык билдиришүүдө. Алар жолдон өткөрүүнү талап кылып жатышат. Ошол эле маалда транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу салмак-габариттик көзөмөл департаментинин директору Эмилбек Таштаналиев оор жүк ташуучу автоунаалардын кармалышына алардын ашыкча жүк салып алганы себеп экенин “Азаттыкка” маалымдады.

Анын айтуусунда, тараза пункту бир ай мурун ачылган. Оор жүк ташуучуларга ашыкча жүккө тыюу салынары тууралуу эскертүү берилген. Бирок 4-5 тонна ашыкча жүк алгандар токтобой, 52 айдоочуга айыппул салынган. Алар аны төлөөдөн баш тартууда. Таштаналиев бүгүн жерине барып айдоочулардын нааразылыгын уга турганын кошумчалады.(MiK)

XS
SM
MD
LG