Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:04

Мамдуманын төрагасы Нарышкин Бишкекке келди


Сергей Нарышкин.
Сергей Нарышкин.

Бүгүн, 8-апрелде Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин расмий сапар менен Бишкекке келди. Ал учурда “Евразиялык экономикалык келечек” аталышындагы эл аралык экономикалык форумга катышууда. Иш-чарага Жогорку Кеӊештин депутаттары, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин эл өкүлдөрү, өкмөт мүчөлөрү жана башкалар катышып жатат.

Форумда Орусия, Казакстан, Беларус жана Армениянын парламентарийлери ЕАЭБ тууралуу баяндама жасашат. Катышуучулар экономика жаатында биргелешип аракеттенүү маселелерин талкуулап, салык, бажы, миграция, соода-сатык, аларды техникалык жактан жөнгө салуу сындуу бир катар орчундуу маселелер боюнча пикир алышат.(UEz)

XS
SM
MD
LG