Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:26

КТРК башчысы телеканал ичиндеги чыр боюнча түшүндүрмө берди


Илим Карыпбеков, КТРК жетекчиси.
Илим Карыпбеков, КТРК жетекчиси.

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу телеканал ичиндеги чырга түшүндүрмө берди. Карыпбеков КТРК кызматкери менен практикант ортосунда түшүнбөстүктөр болгону ырас, бирок айрым маалымат каражаттары жазган имиштер суу кечпейт деп жазат.

"О.А. аттуу практикант менен З.О. аттуу кызматкер ортосунда түшүнбөстүк чыкканы чын. Бирок практикант ачуусу менен мени КТРК кызматкери зордуктады деп милицияга арыз жазган. Азыр кызуу кандуулук менен жазганын моюнуна алып, тосмо арыз жазды", - деп айтылат Карыпбековдун түшүндүрмөсүндө.

Буга чейин айрым интернет басылмалар КТРК кызматкерлерди тандоодо ар кандай мыйзам бузууларга жооп берет деп кызуу талкуулаган болчу.(UEz)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG