Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:07

Аскерге чакыруунун жазгы өнөктүгү башталды


Кыргызстандык жоокер.
Кыргызстандык жоокер.

1-апрелден тарта аскерге чакыруунун жазгы өнөктүгү башталды. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынан кабарлашты.

Ага ылайык 18 жаштан 25 жашка чейинки кыргызстандык жарандар жергиликтүү аскер комиссариаттардан милдетин өтөөгө жарактуулугу боюнча текшерүүдөн өтүш керек. Анын жыйынтыгына жараша уландар аскерден бошотулушу же чакыруусу кийинкиге жылдырылышы мүмкүн. Аскерге жарактуу жаштардын бардыгы атуулдук милдетин өтөөгө тийиш.

Өлкөнүн бардык шаарларында аскерге чакырылуучулар Мекенди коргоого салтанаттуу түрдө ант беришет. Саламаттыгы жайында уландар аскердик кызматты келишимдик негизде бир жылдык мөөнөттө өтүшөт. Аскерден качкандарга 25 миң сом айыппулдан баштап, 6 айга чейин эркинен ажыратуу каралган.(UEz)

XS
SM
MD
LG