Климаттын өзгөрүүсү боюнча Парижде жетишилген макулдашууга 130тан ашык өлкө кол коюууга даяр. Бул тууралуу Улуттар Уюму тараткан билдирүүдө айтылат. Бул ирет макулдашууга кол койчу өлкөлөрдүн саны арбын. 1994-жылы БУУнун деңизди пайдалануу укуктары боюнча конвенциясына 119 мамлекет кол койгон.
- Париждеги жыйын тарыхый окуя болуп калды. Бирок бул башталышы гана. Биз токтоосуз климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөштү күчөтүшүбүз керек - деп билдирди Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун.
Жүз жылдыктын соңунда планетадагы орточо температураны 2 градус Цельсийден ашырбоону караган жаңы макулдашууга кол коюу аземи 22-апрелде уюмдун Нью-Йорктогу баш кеңсесинде өтөт. Ага 90дой өлкөнүн лидерлери катышары күтүлүүдө.
Кол коюлган соң келишимди бардык өлкөлөрдүн өкмөттөрү ратификациялашы зарыл. Кеминде 50 мамлекет ратификациялаган соң келишим 30 күндөн кийин күчүнө кирет.
Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүүсү боюнча конференциясы өткөн жылдын соңунда Парижде өтүп, ага 150дөй мамлекеттин лидерлери катышкан.