Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:43

Евробиримдик Панама жана башка бир катар өлкөлөргө санкция киргизиши мүмкүн


3-апрелде жарыяланган масштабдуу документтер панамалык Mossack Fonseca компаниясына таандык.
3-апрелде жарыяланган масштабдуу документтер панамалык Mossack Fonseca компаниясына таандык.

Арам акчаны адалдаштыргандарга жана салык төлөөдөн качкандарга каршы күрөштө кызматташуудан баш тартышса Панама жана башка өлкөлөргө Евробиримдиктин жетекчилиги санкция киргизет. Бул тууралуу экономика, каржы жана салык төлөмдөрү боюнча маселелерди тескеген Еврокомиссиянын мүчөсү Пьер Московиси билдирди. Ал буга чейин эле Панама салык төлөөдөн качуу боюнча фактыларды изилдөөдө кызматташуудан баш тарткан өлкөлөрдүн тизмесине киргизилгенин эске салды. Московиси Панама бийликтерин өз позициясын өзгөртүүгө чакырып, болбосо аларга каршы санкциялар киргизилерин билдирди.

3-апрелде жарыяланган масштабдуу документтерде азыркы кезде жана буга чейин мамлекет башчысы болгон 12 кишинин ысмы аталган. Документтер панамалык Mossack Fonseca компаниясына таандык. Бул компания офшордук зоналарда компанияларды каттап, алардын салыктан качуусуна, ар кандай шектүү жагдайларда табылган акчаларды көздөн далда кармоосуна жардам берген.

Элди салыктан качпоого үндөгөн, коррупцияга каршы күрөштү негизги максаты катары жарыялаган мамлекет башчылардын Mossack Fonseca компаниясынын кызматынан пайдаланып келиши чоң жаңжалды пайда кылды.

XS
SM
MD
LG