Нефтетрейдерлер бирикмесинин аткаруучу директору Улан Куловдун “Азаттыкка” билдиришинче, күйүүчү майдын баасы 7-10 пайызга чейин кымбаттайт. Анын ырасташынча, апрелдин башында бензин 50 тыйынга, солярка 1 сомго кымбаттаган.
Мындай кымбаттоо Орусиядагы мунай зоводдорунун оңдоо иштерине жана жазгы айдап себүү өнөктүгүнө байланыштуу утурумдук көрүнүш. Кыргызстан күйүүчү-майлоочу майдын 90 пайызын Орусиядан импорттойт.(UEz)