Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:46

Уильям Шекспирдин алгачкы жыйнагынын сейрек нускасы табылды


Быйыл Шекспирдин өлгөнүнүн 400 жылдыгы белгиленүүдө.
Быйыл Шекспирдин өлгөнүнүн 400 жылдыгы белгиленүүдө.

Шотландияда Уильям Шекспирдин алгачкы жыйнагынын сейрек нускасы табылды. 36 пьесадан турган китеп 1623-жылы жарык көргөн.

"Биринчи фолио" деген ат менен белгилүү жыйнак акыркы 100 жыл ичинде Шотландиянын батышындагы Бьют аралында Маунт Стюарт китепканасында сакталып келген. Китеп Шекспир өлгөндөн жети жыл өткөндөн кийин басылып чыккан.

Жыйнакка улуу драматург көзү тирүүсүндө жарык көрбөгөн 18 пьеса биринчи жолу киргизилген. Буга чейин "Биринчи фолионун" 234 нускасы тууралуу белгилүү болчу. Быйыл Шекспирдин өлгөнүнүн 400 жылдыгы белгиленүүдө. Каалоочулар жаңы табылган китепти Маунт Стюартта көрө алышат.

XS
SM
MD
LG